Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Бельгия полициясы Брюсселдеги теракт боюнча төрт кишини камакка алды


Брюсселдеги теракт курмандыктарын эскерүү. 24-март
Брюсселдеги теракт курмандыктарын эскерүү. 24-март

31 кишинин өмүрүн алып, 270тен кишини жарадар кылган Брюсселдеги терактты иликтөө алкагында Бельгия полициясы 27-мартта төрт шектүүнү кармаганын прокуратура кабарлады. Прокуратуранын маалыматы боюнча, полиция Брюсселдин айланасын жана ага жанаша жайгашкан Даффел, Мечелен шаарчаларында 13 рейд жүргүзүп, “террорго байланышы барларды” издеди. Рейд учурунда тогуз адам суракка алынып, бешөө бошотулган. Төртөө камакка алынды. Белгия прокуратурасы ага чейин 22-марттагы теракт боюнча үч кишиге айып коюлганын кабарлаган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG