Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Миңдеген молдовандар Румыния менен биригүү талабын коюшту


Митингди уюштуруучулардын маалыматы боюнча акцияга 50 миңдей киши катышты.
Митингди уюштуруучулардын маалыматы боюнча акцияга 50 миңдей киши катышты.

27-мартта Кишинев көчөсүнө чыккандар Румыния менен биригүүнү жакташты. Митингди уюштуруучулардын маалыматы боюнча ага 50 миңдей киши катышты. Ал эми полиция 5-6 миң адам катышканын билдирүүдө. Көчөгө чыккандар коррупция каптаган Молдованын Румынияга биригүүсү Европа Биримдигине кошулууга жол ачаарын белгилешти. Бул акция 1918-жылы 27-мартта азыркы кездеги Украина жана Молдованын аймактарынан турган Бессарабиянын Румыния менен биригүүсүнүн 98 жылдыгын белгилөөгө арналды. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Бессарабия СССРдин курамындагы Молдова Советтик Социалисттик Республикасы деп жарыяланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG