Кыргызстанда кыз-келиндердин так жана табигый илимдерге кызыгуусу изилденди. Анын жыйынтыгы бүгүн Бишкекте жарыяланарын “Азаттыкка” “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
- Математика жана башка так илимдерге кызыгуу барбы, кыздар арасында кызыгуу канчалык деген сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Өтө кызык жыйынтык алдык.
Изилдөө Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейин эсептелген туруктуу өнүгүү боюнча 17 максатынын алкагында жүргүзүлдү.
Бул максаттардын негизгилери – дүйнөдө ачарчылыктын бардык формаларын жок кылуу, адамдардын дени сак жашоосун камсыздоо жана жалпы, сапаттуу билим берүүгө жетишүү. (RK)