Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Апрель соту: Адвокаттар айыпталуучуларды актоону сурады


Апрел соту
Апрел соту

Республикалык аскер сотунда каралып жаткан сот жараянында бүгүн жарыш сөз айыпталуучулардын адвокаттарына берилди. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, апрель окуясы боюнча айыпталып, 10 жылга кесилген Каныбек Жороевдин адвокаты Любовь Иванова соттон анын актоону өтүндү:

- 2010-жылы 7-апрелде ал күнү бою Ак үйдө жүргөн. Президентке улам кирип, кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Ал эмне үчүн камалышы керек? Жороевдин мурдагы сот тарабынан 10 жылга кесилишин негизсиз, мыйзамсыз деп эсептейм. Ошондуктан мурунку соттук инстанциянын чечимин жокко чыгаруу менен актап берүүңүздү суранам.

Сотто сүйлөгөн адвокаттардын баары мурдагы сот чечимин жокко чыгарып, айыпталуучуларды актоону өтүнүштү.

Апрель окуясы боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылып, Бишкек аскердик сотунда алардын көбү соттолгон. Булардын ичинен экс-коргоо министри Бактыбек Калыев менен "Альфа" атайын бөлүгүнүн айрым кызматкерлери акталган. Бакиев жана анын жакындары өмүр бою, айрымдары 25, 22, 20, 10 жылга эркинен ажыратылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG