Бүгүн шаардын борбордук аянтында жогорку окуу жайдын студенттеринин катышуусунда өлкөдө орун алып жаткан ар кандай нааразылык митингдерге каршы жыйыны өттү. Иш чараны уюштуруучулардын бири жаштар коомунун төрагасы Ороз Абдылдаев студенттерди ар кандай топтордун куралы болбой, өз окуулары менен алек болууга чакырды.
Ал эми шаардык мэриянын жаштар комитетинин төрайымы нааразылык жыйындарга чогулуудан көрө тазалык жана кайрымдуулук акцияларын арбын өткөрүүгө чакырды. Ошондой эле иш чарага спорт чеберлери да катышып, өз кеңештерин айтышты. Борбордук Эркиндик аянтында өткөн иш чарада студенттерге концерттик программа тартууланып, андан соң чогулгандар тарап кетишти. (RsK)