1-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүзү 9…14 градус,
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүзү 8…13 градус жылыйт.
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 5…10, күндүзү 11…16 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүзү 9…14 градус жылуу болот.
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүзү 8…13 градуска көтөрүлөт.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүзү 1…6 градус, бийик тоолуу райондордо түн ичинде -5…-10, күндүзү 0…-5 градуска чейин төмөн болот.
1-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, түнкүсүн жаан катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү температурасы 11…13° жылуу болот.