Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Азербайжан урушту токтотконун жарыялады


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Азербайжан Тоолуу Карабакта ок атышууларды бир тараптуу токтотконун жарыялады. Бирок Армениянын Коргоо министрлиги бул билдирүүнү бышыктаган жок. Ишембиде башталган кагылышууларда 30дан ашык адам мерт кеткени кабарланууда.

Азербайжан Карабакта бир тараптуу согуштук аракеттерди токтотту. Бул тууралуу маалыматты жекшемби күнү Азербайжандын Коргоо министрлиги таратты. Бирок армян тарап ок атууларын токтопосо, Азербайжан өз аймагын бошотуу жана өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн чабуулга өтөрү эскертилген.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, ок атышуулар эл аралык коомчулуктун чакырыктарына жооп иретинде токтотулган. Ал эми Тоолуу Карабактын жетекчилиги менен Армениянын Коргоо министрлиги аймакта салгылашуу уланып жатканын билдирүүдө. Армян коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян азери тараптын согуштук аракеттер токтоду деген билдирүүсүн “маалыматтык тузак” катары баалады.

Буга чейин да Тоолуу Карабактын жетекчилиги азери бийлигинин кырдаал турукташты деген билдирүүсүнө карабай, аймактын түштүк-чыгыш жана түндүк тарабында согуштук аракеттер уланып жатканын Би-Би-Сиге кабарлаган.

Азербайжандын аймагындагы чырлуу Тоолуу Карабак автономиясындагы ишемби күнкү катуу салгылаштан Азербайжандын 12 жана Армениянын 18 аскери набыт болгону айтылган.

Жарашуудан башка жол жок

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди тезинен токтотуу керек деген кайрылуу жасады. Ал аймакта жаатташкан эки тараптын урушунда оор артиллерия колдонулуп, көптөгөн адамдар, анын ичинде карапайым элдин да курман болгону тууралуу кабарларга бушаймандыгын билдирди.

Атышууда жаракат алган балдар
Тоолуу Карабак: жараланган балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:27 0:00

3-апрелде Франциянын Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабакта салгылашып жаткан тараптарды ок атышууларды токтотуп, жаңжалды тынч жол менен чечүүгө үндөдү. Министрликтин расмий өкүлү Ромэн Надаль кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, расмий Париж Тоолуу Карабактагы акыркы окуяларга тынчсызданууда. Салгылашуулар адам өлүмүнө алып келгенине өкүнүү менен тынчтыкка кайтууга эки тарапты чакырып жатат.

Ошондой эле Франция ондогон жылдар бою чечилбей келаткан чыр-чатакты Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алдындагы Минск тобунун кийлигишүүсү менен чечүүгө болот деген позицияны карманууда.

Түркия Азербайжанга көңүл айтты

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу Азербайжан-Армения кагылышуусунда мерт кеткен 12 азери аскери үчүн Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиевге телефон чалып, көңүл айтты деп билдирет Hürriyet басылмасы. Давутоглу Түркия ар дайым Азербайжанды колдорун айтып, Армения аскерлеринин чагымына алдырбоого чакырды деп баяндайт аталган гезит.

Ушул эле басылмада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Илхам Алиев да телефон аркылуу акыркы кырдаалды талкуулашканы маалымдалды.

2-апрелде болсо Москвада болгон басма сөз жыйынында Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов Азербайжандын аракети Тоолуу Карабактагы кагылышуулардын күчөөсүн гана шарттайт деген билдирүү жасады. "Баары сүйлөшүү жолу менен чечилиши шарт", - деген Зайнетдинов «Интерфакс» агенттигине. Анын айтымында, ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Армения бийлиги менен тыгыз байланышта болуп, кырдаалдан кабар алууда.

Кармаштагы курмандыктар

2-апрелдеги маалыматтарга караганда, Тоолуу Карабактагы кармашта Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн 12 аскер кызматчысы курман болду. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Армян тарапка жасалган соккудан Азербайжандын бир Ми-24 тик учагы жана танкы кыйрады. Коргоо министрлиги Азербайжан стратегиялык аба мейкиндигин жана калктуу конуштарын кайтарып алганга жетишкенин белгилейт.

“Армениянын алты танкы талкаланып, 100дөн ашуун аскерлери жок кылынганы” тууралуу министрликтин билдирүүсүндө айтылат.

Армениянын президенти Серж Саргсян болсо азери күчтөрү 18 этникалык армян аскерди өлтүргөнүн айтты. “Биз тараптан 18 аскер өлтүрүлүп, 35тей жоокер жарадар болду” деди Саргсян Ереванда өткөн Улуттук коопсуздук боюнча кеңеште. Аскерлер Карабактагы Ереван колдогон жикчил күчтөргө тиешелүүбү же Армениянын армиясынын жоокерлериби так айтылган жок.

Ага чейин Армениянын коргоо министри Овик Абрамян “душмандын күтүлбөгөн масштабдуу аскерий аракеттери” боюнча чукул жыйын чакырганын армян өкмөтүнөн кабарлашкан. “Армения кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл болгон кадамдарды жасоого даяр”,- деди министр Абрамян.

Элдешүү чакырыктары

Орусиянын президенти Владимир Путин эки кармашкан тарапка телефон чалганын орус медиасы кабарлады. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент “Тоолуу Карабактагы аскерий аракеттерге өтө кабатырланып жатканын” айтты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кырдаалды жөнгө салуу боюнча Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен байланышканын тышкы иштер мекемеси билдирет.

Тараптарды элдешүүгө чакырган ушундай эле мазмундагы билдирүү менен Франция президенти Франсуа Олланд да чыккан болчу.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хикмет Гажиев эл аралык коомчулукту Армениянын аракеттерин айыптоого чакырды.

Армениянын аскер күчтөрү Азербайжандын армиясын талаштуу аймакка танк, оор артиллерия жана согуштук тик учактарын киргизди деп айыптады.

Азербайжан тарап болсо чек арада турган күчтөрү түндө “катуу аткылоого” кабылгандыктан армия “чукул чараларды” көрүүгө мажбур болгонун билдирет.

Тоолуу Карабак Азербайжан аймагындагы этникалык армяндар көзөмөлдөгөн аймак.

Армениянын коргоо министрлиги окуяны 1994-жылкы элдешүүдөн берки жаңжалдын кайра күчөшү деп баалады. Анда АКШ, Орусия жана Франциянын ортомчулугу менен эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүнүн аркасында касташкан тараптар элдешүүгө жетишкен эле.

Тоолуу Карабактын картасы
Тоолуу Карабактын картасы

Тоолуу Карабактын коргоо министри 12 жаштагы эркек бала набыт болуп, дагы эки бала жараат алганын билдирсе, Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн он эки аскер кызматчысы курман болгонун кабарлады.

Буга чейин Азербайжандын тышкы иштер министри бир азери жараны өлгөнүн маалымдаган.

Армян тарапка жасалган соккудан азербайжандын бир Ми-24 тик учагы жана танкы кыйрады. Коргоо министрлиги Азербайжан бир нече стратегиялык аба мейкиндиктерин жана калктуу конуштарын кайтарып алганга жетишкенин белгилейт.

Тоолуу Карабак жаңжалынын таржымалы

Тоолуу Карабак жаңжалы Советтер Союзу ураган жылдары тутанып, 30 миңге чукул киши өлгөн. Бул жолку кармаш Вашингтон жаңжалды толугу менен чечүүнү көтөргөн маалга туш келди.

Демилгени АКШнын вице-президенти Жо Байден 1-апрелде Вашингтондо Армения жана Азербайжан президенттери менен жолукканда көтөргөн.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамкатчысы Жон Керри
Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамкатчысы Жон Керри

Ак үй Байден “бул аймакта уланып жаткан зордук-зомбулукту токтотуу үчүн диалогго чакырып, узак мөөнөткө туруктуулукту, коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыздоо үчүн жаңжалды чечүүнүн маанисин баса белгилегенин” билдирет. Кавказ өлкөсүнүн эки лидери тең Кошмо Штаттар жаңжалды толук басууда активдүү роль ойношун кубаттай турганын айтышкан.

Байден 31-мартта Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Алиев менен жолукканда жаңжалды “толук чечүүгө” чакырганын кайталады.

Керри менен жолугушуу маалында Алиев Кошмо Штаттардын мындай чечкиндүү сунушуна ыраазычылык билдирип, жаңжал Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши “Арменияны аскерий күчтөрүн тезинен жана эч кандай шарт койбостон” Азербайжандан чыгарып кетүүгө милдеттендирген резолюция кабыл алгандан кийин чечилерин айткан.

XS
SM
MD
LG