Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Тоолуу Карабакта кырдаал кайрадан курчуду


Армения колдогон Тоолуу Карабак армиясынын машыгуулары. 13-ноябрь, 2014-жыл.
Армения колдогон Тоолуу Карабак армиясынын машыгуулары. 13-ноябрь, 2014-жыл.

Армян тик учагын азери тараптын атып түшүрүүсү Тоолуу Карабакта кырдаалды кайрадан курчутту. Ереван менен Баку окуянын себебин эки башка чечмелеп жатат.

Азербайжан менен Армения талашкан Тоолуу Карабакта тик учак акыркы жыйырма жылдан бери алгачкы ирет атып түшүрүлдү.

Бул окуянын артынан Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги бейшембиде тараткан билдирүүдө “оккупацияланган аймактардын аба мейкиндиги жабык зона деп жарыяланганы, жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун мүчөлөрүнө тиешелүү тартипте кабар берилгендиги” айтылган.

Расмий Баку ошондой эле тик учактын атып түшүрүлүүсү үчүн армян тарапты күнөөлөдү. “Чыңалуунун негизги себеби - Азербайжандын оккупацияланган аймактарында Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турушу. Андыктан ансыз деле чыңалган кырдаалдын курчушу үчүн жоопкерчилик Арменияга жүктөлөт”, - деп көргөзүлгөн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Азербайжан-Армения: атылган тик учак
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00

“Оккупацияланган аймактар” деп азери тарап Тоолуу Карабакты жана анын тегерегинде армян жикчилдери ээлеп турган жерлерди атайт.

Тоолуу Карабактын бийликтери болсо Азербайжандын “аба мейкиндик жабылды” деген билдирүүсү жаңылык эместигин, жарандык авиация үчүн Тоолуу Карабактын үстү согуштан бери эле жабык турганын айтышууда.

Армения бийликтери азери куралдуу күчтөрүнүн кадамын “чагым” деп мүнөздөштү.

Өлкө парламентиндеги Коргонуу жана коопсуздук комиссиясынын башчысы Корюн Нахапетиан “Азаттыктын” армян кызматы менен маегинде:

- Ок атышууну токтотуу режими 1994-жылы орнотулгандан бери мындай нерсе биринчи ирет болуп жатканын белгилеп кетүү керек. Бул адаттан тыш инцидент. Ок атышууну токтотуу режимин одоно түрдө бузгандык, чагым деп айтсак болот. Андыктан окуяга биз тараптан да, эл аралык коомчулук тараптан да саясий баа берилиши абзел. Бул чагымы үчүн каршы тарап татыктуу жооп алат, - деп айтты.

Армяндардын тик учагы атып түшүрүлгөндө анын бортундагы үч учкуч тең каза тапкан. Бул маалыматты Армения колдогон Тоолуу Карабак республикасынын Коргоо министрлиги да ырастады. Алардын айтымында, азери аскерлеринин тынымсыз ок атууларынан улам тик учак кулаган жерден учкучтардын сөөгү алына элек.

Армян президенти Серж Саргсян Тоолуу-Карабакка келди.13-ноябрь, 2014-жыл.
Армян президенти Серж Саргсян Тоолуу-Карабакка келди.13-ноябрь, 2014-жыл.

​Азери тараптын ырастоосунда, армян тик учагы аскерлердин турумдарына сокку урууга аракеттенгенде атып түшүрүлгөн. Армян тарап болсо тик учак окуу - машыгуу көнүгүүлөрүн жасап атканда атылганын билдирүүдө. Окуя эки өлкөнүн аскерлерин бөлүп турган тилкеде болгон.

Өзү быйылкы жылы ал тилкедеги атышуулар күчөдү. Жай айларындагы атышуулардан эки тарап 20дан ашуунун аскерин жоготкон.

Бакулук саясат таануучу Арастын Оруджлу “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, тик учактын атып түшүрүлүүсү августтан берки жараяндардын уландысы:

- Кечээ болгон нерсе ич ара ишенимсиздиктин жана жаңжал менен манипуляция жасоо аракеттеринин логикалык уландысы. Мен армян тик учактары азербайжан күчтөрү көзөмөлдөгөн аймакка өтүшкөнүнө толук ишенем. Алар муну Орусия тарап менен кеңешип туруп жасаган болушу мүмкүн. Бул - Азербайжанга кысым көргөзүү актысы. Азербайжан өз эркин көргөзүп, тик учакты атып түшүрүү менен жооп берди. Тараптар ортосунда чыңалуу күчөгөнүнүн жаңы баскычы башталды десек болот.

Бул арада Орусия лидерлик кылган жана Армения мүчө болгон ЖККУ уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа Еревандын турумун колдогон билдирүү таратты.

Анда тик учак “окуу-машыгуу учууларын” аткарып жүргөн деп айтылып, анын атып түшүрүлүүсү “кыянатчылыктын коркунучтуу көрүнүшү” деп бааланган.

ЖККУнун пикиринде да Азербайжандын кадамы кырдаалдын курчушуна салым кошууда.

Азери жана армян президенттери утур-утур жолукканы менен Тоолуу Карабак талашын дипломатиялык жол менен жөнгө салуу аракетинен майнап чыкпай келет.

Коргонуу бюджети Арменияныкынан бир нече ирет көптүк кылган Азербайжан эгер дипломатиядан натыйжа чыкпаса, күч колдонуудан кайра тартпай турганын да ишара кылып жүрөт.

Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагы Армения колдогон жикчилдердин көзөмөлүнө 1990-жылдардын башындагы согуштун натыйжасында өтүп кеткен. Анда отуз миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG