Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Армяндар эмне үчүн "боордош" Орусияга нааразы?


Жаш активисттердин Ереван шаардык мэриясынын алдындагы демонстрациясы. 26-июль 2013.
Жаш активисттердин Ереван шаардык мэриясынын алдындагы демонстрациясы. 26-июль 2013.

Армения жакынкы апталарда Евробиримдик менен катнашты дагы бекемдөө же Орусия менен бекем мамилени бузбай кармоо жагын чечүүгө тийиш.

Байкоочулардын баамында, Москва ушундай маанилүү учурда Ереванды Батыштын кучагына түрткөн айрым түшүнүксүз кадамдарды жасады.

Ереванда коомдук транспортто жүрүүгө бааны жогорулатууга тиешеси бар адамдарды кызматтан алууну талап кылган жаш активисттердин мэриянын алдында отурганына бир жума чукулдап калды. 20-июлда шаардык унаада каттоо орточо 1, 5 эсе кымбаттаган. Бирок элдик жүрүштөрдөн соң бир аптадан соң унаа акы кайра төмөндөтүлгөн.

Ереванда үч жумадан бери газ жана электрдин кымбаттоосуна каршы да демонстрация уланууда. 7-июлдан тарта Арменияда газдын наркы 15 процентке, электр энергиясы 26, 5 процентке жогорулаган. Себеби Орусиянын "Газпром" компаниясы бааны 67 процентке көтөргөн же 1 миң куб метр газды 270 долларга сата баштаган. Ал, өз кезегинде, электр кубатынын кымбаттоосуна огожо болду. Өлкөнүн электр тармагын Орусиянын ОЕС компаниясынын жергиликтүү филиалы тейлейт.

Башкаруучу Республикалык партиянын төрага орун басары Размик Зурабяндын “Азаттык” радиосуна айтышынча, митингдин катышуучуларын кайсы бир өлкөлөр “Армениядагы кырдаалды тербетүү үчүн пайдаланып” жаткан имиш:

- Армения супердержава эмес. Супердержавалар ички кырдаалды жеңил эле курчутуп жибере алат. Бул Орусияга эле тийиштүү эмес. Цивилизациялар ушул тапта Армения Европага интеграция болобу же Орусия баштаган Бажы биримдигине кошулабы деп атаандашууда. Ошентип гиганттардын күрөшү биздин жерде кандайдыр бир үндөө табууда.

Армениянын премьер-министри Тигран Саркисян (ортодо) жана Орусиянын транспорт министри Максим Соколов (оңдо) Еревандагы Орусия-Армения салыктан эркин зонанын ачылыш салтанатында. 27-июль, 2013.
Армениянын премьер-министри Тигран Саркисян (ортодо) жана Орусиянын транспорт министри Максим Соколов (оңдо) Еревандагы Орусия-Армения салыктан эркин зонанын ачылыш салтанатында. 27-июль, 2013.
Армениялыктар эзелтеден Москваны өз коргоочусу катары билишчү. Орусия, чынында эле, Армениянын Түштүк Кавказдагы негизги стратегиялык өнөктөшү саналат.

Өлкө Москвага экономикалык жана аскерий-техникалык жактан көз каранды. Бирок, серепчилердин байкашынча, Армения азыр Евробиримдикти карай ылдам жылууда. Биримдиктин ноябрда Вильнюста болчу жыйынында эркин соодалашуу боюнча ассоциациялык келишимге Украина жана Молдова менен чогуу кошулушу мүмкүн. Москва бул үч өлкөнү Бажы үчилтигине киргизүү үчүн конкреттүү механизмдерди, анын ичинде газды пайдаланууда. Андан тышкары Азербайжанды 1 миллиард долларга жаңы куралдар менен камсыздай баштады.

Баку жана Ереван 1990-жылдардын башындагы Тоолуу Карабак чатагында согушкандан бери осол мамиледе. Азербайжандын ырасташынча, согушта 14 процент территориясын алдырган.

Армения-Орусия алакасына суу бүрккөн дагы бир окуя 17-июлда Москванын четинде 18 адамдын өмүрүнө зобун келтирген авариянын күнөөкөрү Грач Арутюняндын соту болду. Анын сотко үстүндө аялдардын халаты, бутунда желим “шалпылдакчан” алып келингени жана өкмөттүк телеканалдан келекелеп көрсөтүлгөнү жүздөгөн армяндардын Еревандагы Орус элчилигинин алдына нааразылык билдирип чыгышына түрткү берди. Акцияга катышкан адам укугун коргоочу Аветик Ишканян сотко Арутюнандын аялдын халаты менен алып келингенин Кремлдин ишарасы менен жасалган иш деп баалайт:

Полиция кызматкерлери Москванын Митинский радиобазарында мигранттардын документтерин текшерүүдө. 30-июль, 2013
Полиция кызматкерлери Москванын Митинский радиобазарында мигранттардын документтерин текшерүүдө. 30-июль, 2013
- Чечен согушу кездеги чечендерге каршы истерия али жадыбызда. Атүгүл чечен согушчандарынын мурдагы башчысы Салман Радуев жана башкаларга мындай жаман мамиле жасалган эмес. Арутюнанды сотко аялдын кийими менен алып келүү ачыктан ачык саясий чечим. Муну мен жергиликтүү полициянын чечими деп ойлобойм.

Ал эми “Аравот” сайтынын блоггери Эмма Габриелян “орусиялыктар “Орусия Армениянын коопсуздугунун кепилдиги” деген түшүнүктү атайылап, өз колу менен быт-чыт кылышууда” деп жазды. Журналисттин жазышынча, жарандар Орусиянын элчиканасы алдына нааразылык билдирип чыгат дегенге “бир жыл мурда бир да армениялык ишенбес эле”.

Буга байланыштуу Лондондогу Chatam Housе аналитикалык борборунун Орусия жана Евразия программасынын директору Жеймс Никси "Москва колундагы “буроосун” эптүү пайдалана албайт" деген оюн айтты:

- Орусия колундагы мыкты карталарды жакшы ойногонду билбейт. Мурдагы советтик республикаларга сабаттуу мамиле кылса болмок. Биз оңдуу пайдаланылбаган мындан башка да окуяларды билебиз. Бирок Орусия аларга чогоол мамиле жасап, урматтап-сый көрсөтпөгөнгө ооп баратат. Анткени Батыш өлкөлөрү бизге ошондой мамиле жасайт деп ойлойт.

Жеймс Никейдин айтышынча, Орусияга болгон терс мамиле коомдук пикирдеги олуттуу өзгөрүүнүн жышаанасы болушу мүмкүн жана аны Армения жетекчилиги эске алганы жөн.

Ошол эле учурда Евробиримдик менен саясий-экономикалык жактан кызматташууну колдогон армяндардын саны аз болсо да өсүп баратканы байкалат дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG