Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Тоолуу Карабах чатагы жөндөлсө, Түркия-Армения чек арасы ачылат...


Армения-Түркия чек арасын бөлгөн тикен зымдар Арарат тоосунун да көркүн бузууда
Армения-Түркия чек арасын бөлгөн тикен зымдар Арарат тоосунун да көркүн бузууда

Түркия-Армения чек араны ачуу маселесинде эки тарап бир топ алдыга жылышты. Бирок бул маселе Түштүк Кавказды коогага салган башка проблемалар, анын ичинде Тоолуу Карабах чатагы менен чогуу жөндөлүшү шарт. Мындай билдирүүнү Түркиянын тышкы иштер министри Ала Бабажан шейшемби күнү Прагада жасады.

Түркиянын тышкы иштер министри “Азаттыктын” кабарчысынын “ Түркия Армения жак чек арасын качан ачат?” деген суроосуна
Түркиянын Тышкы иштер министри Али Бабажан Евробиримдиктин жетекчилиги менен кездешүүгө келди. Прага, 21-апрель 2009
дипломаттык тилде, бирок так жооп жооп берди. Али Бабажан эки жак бул маселеде бир топ алгылыктуу иштерди жасашканын айтып, чек ара маселеси Түштүк Кавказды коогага салган башка проблемалар, өзгөчө Карабах чатагы менен чогуу жөндөлүш керек экенин айтты:

- Бүгүнгө карай бул жараянда бир кыйла алга жылдык. Ошондой эле Түштүк Кавказда башка да Абхазия жана Түштүк Осетия же
Түркия-Армения арасындагы чек ара 1993-жылы Тоолуу Карабахтын армян жамааты чөлкөмдү Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялагандан бери жабык.
Армения-Азербайжан арасында Тоолуу Карабах сыяктуу проблемалар бар.

Бабажандын сөзүнчө, ал Армения-Азербайжан аралык тынчтык келишимине ушул жылы кол койууга “жетерлик мүмкүнчүлүк бар” деп эсептейт. Бирок Армян жетекчилигинин айтышынча, өз ара алаканы нормалдаштыруу боюнча соңку айларда болгон эки жактуу сүйлөшүүлөрдө ырасмий Анкара Тоолуу Карабах проблемасын козгогон эмес. Ырасмий Ереван Түркиянын Карабах сүйлөшүүсүнө түздөн-түз катышуусун да каалабайт.

Маалымат каражаттары түркиялык ырасмий булактарга шилтеп, Анкара жана Ереван өз ара мамилелерди нормалдаштыруу боюнча келишимге жакын арада кол койот деп кабарлашты. Бирок Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган болсо Карабах чатагы жөндөлмөйүнчө, Армения менен элдешүү мүмкүн эмес экенин 20-апрелде кайра кайталады. Эки өлкө арасындагы чек ара 1993-жылы Тоолуу Карабахтын армян жамааты чөлкөмдү Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялагандан бери жабык. Эки арада дипломаттык алака да жок.

XS
SM
MD
LG