Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Москва: Коргоо министрлигиндеги өрт архивди жок кылышы мүмкүн


Коргоо министрлигинин имаратынан чыккан түтүн, Москва, 3-апрель 2016
Коргоо министрлигинин имаратынан чыккан түтүн, Москва, 3-апрель 2016

Орусиянын Коргоо министрлигинде 3-апрелде тутанган өрт мекеменин өтө маанилүү документтерин күлгө айланткан болушу ыктымал. Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, өрт чыккан имаратта муруңку министрлер учурундагы архив материалдар сакталчу. Арасында министрликтин Мүлк департаментинин документтери бар экени айтылууда. Ал департаментти мурда башкарган Евгения Васильева алдамчылык кылган деп күнөөлөнүп жаткан эле.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өрт толугу менен өчүрүлгөнүн жекшембиде түштөн кийин билдирди.

3-апрель күнү имараттын үчүнчү кабатын өрт чалган. 40 адам өз алдынча чыгып кетип, жети киши болсо эвакуцияланган. Тилсиз жоону өчүрүүгө жүздөн ашуун адистер тартылган. Кырсыкка электр жабдыктарынын күйүп кетиши себеп болгону болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG