Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Ала-Букада өзбек тарап талаштуу аймакка жол куруп жатканы айтылууда


Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Арап айылына жакын такталбаган тилкеге өзбек тарап унаа жолун куруп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Аваз Маматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, өзбек тарап жол куруу иштерин түнкүсүн жүргүзгөндүктөн билинбей эле талаштуу аймакка 500 метр жетпей кирип келишкен. Эгер жол куруу үчүн көпүрө жабылса Арап айылы анклавда калып кетүү коркунучу бар. Мурда чек ара тозоту Арап айылынан 5 чакырым алыста жайгашчу.

Көк-Таштан 18 чакырым алыс жайгашкан Арап айылында 150гө жакын түтүн жашайт. Ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 19 миң гектардан ашык такталбаган жер бар.(RsK/UEz)

XS
SM
MD
LG