Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Зариф: Тегеран ракета программасын Вашингтон менен талкуулабайт


Ирандын ракета сыноосу, 11-октябрь, 2015-жыл.
Ирандын ракета сыноосу, 11-октябрь, 2015-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зариф Тегеран ракета программасын АКШ менен талкуулабастыгын билдирди.

"Ракета программасы жана Ислам жумуриятынын коргонуу даремети сүйлөшүлбөйт” – деп айтты Мохамад Зариф 10-апрелде Эстониянын тышкы иштер министри менен жолугушуудан кийин.

Зариф Тегерандын атомдук программасы боюнча макулдашууга ракета программасы камтылбаганын белгиледи.

Иран ал программасы коргонуу чараларын гана көздөрүн ырастап келатат. Өткөн жылы Тегеран жана алты дүйнөлүк держава жетишкен келишимге ылайык, Ислам жумурияты ядролук ишмердигин чектеген, анын артынан экономикалык санкциялардын бир бөлүгү алынган.

Зариф Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы коргонуу маселелерине камтама болсо Израиль менен Сауд Арабияга курал-жарак сатууну токтотууга тийиш деди. Өткөн жумада АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Ирандын ракета сыноолору боюнча талашты тынч жол менен жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө даяр деп билдирген эле.

XS
SM
MD
LG