Мамлекеттик катчы Жон Керри Жапониянын дүйнөдө биринчи атомдук бомбага кабылган шаары - Хиросимадагы Тынчтык мемориал паркына жана музейине барган америкалык расмий өкүлдөрдүн эң жогорку даражалуусу болду.
- Бул согуш учурундагы тандоонун өтө татаалдыгын, согуш адамдарды, жамааттарды, өлкөлөрдү, дүйнөнү эмне кыларын эске салып турат, - деди Жон Керри Хиросимадагы пресс-конференцияда сүйлөгөндө.
Ал жердеги Тынчтык мемориал паркына жана музейине АКШ мамлекеттик катчысы менен бирге Жапония, Британия, Франция, Италия, Канада, Германиянын тышкы иштер министрлери да барды.
11-апрелде Хиросимада "Чоң жетинин" тышкы саясий мекеме башчыларынын жыйыны өтүп, анын соңунда кабыл алынган билдирүүдө мүчө өлкөлөр дүйнөнү өзөктүк куралдан арылтуу милдеттенмесин дагы бир жолу ырасташты.
АКШ 1945-жылдын 6-августунда Хиросимага кубаты 15 килотонналык атомдук бомба таштаганда 80 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. Мындан үч күндөн кийин атомдук бомба Нагасакиге ташталып, ал Экинчи Дүйнөлүк согуштун тезирээк аякташына түрткү болгон. (UE)