Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

"Көчмөндөр оюндарына" ыктыярчылар чакырылууда


Күзүндө өтө турган "Көчмөндөр оюндарына" ыктыярчыларды чакыруу башталды. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты кабарлайт. Ал үчүн "Көчмөндөр оюндарынын" катчылыгы биринчи кезекте студенттерге үмүт артууда.

Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылар боюнча координатору Мээрим Кайбалаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, бул ишти каалагандардын Кыргызстан жарандыгын ырастаган паспорту жана турак жайы болушу керек. Арыздарды кабыл алуу 20-апрелге чейин жүрмөкчү.

Кечээ ыктыярчыларды чакыруу максатында көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери менен жолугуп, түшүндүрмө беришти.

Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда 40тан ашык команда 26 улуттук спорттун түрү боюнча ат салышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG