Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында соңку бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 өрт кырсыгы катталып, анын төртөө балдардын шоктугунан чыкканы аныкталган.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында үч жаштагы баланын шоктугунан 30 чарчы метр бастырманын чатыры, 100 түк чөп күйүп кеткен.
Жети-Өгүз районундагы Кавак айылында ширеңке чагып ойногон алты жашар баланын айынан короодо 30 түк чөп, 20 түк саман, 7 тонна эндей чѳп жок болгон.
Ушундай эле окуя Нарындын Кочкор районунда катталып, 11 жаштагы кыздын айынан 20 чарчы метр аянтта 3 куб тактай жабылган бастырманын чатыры, 2 тонна саман күйгөн.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон айылында 17 жаштагы бала эки тонна чөптү өрттөп жиберген.
Өткөн бир сутка ичинде өрт өчүрүү иштерине 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. (AzK)