Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Лондондо премьер-министр Дэвид Кэмерондун отставкасын талап кылышууда


Нааразылык акцияларынын катышуучулары
Нааразылык акцияларынын катышуучулары

Лондондун көчөлөрүнө чыккан миңдеген тургундар Трафальгар аянтына чогулуп, өкмөттүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо тармактарын каржылоону кыскартуу аракетин сындап, андан баш тартууга чакырууда.

Британ бийлиги үнөмдөө чарасы бюджет дефицитин кыскартуу үчүн зарыл экенин айтууда. Ал социалдык чыгымдарды парламенттин иштөө мөөнөтүнүн аягына - 2020-жылга чейин 12 миллиард фунтка (17 миллиард долларга) кыскартуу милдетин алган. Бирок эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк акчаны кыскартуу пландарынан баш тартууга аргасыз болду. Буга чейин эмгек жана пенсия министри Иан Данкан Смит кыскартууларга макул болбой, кызматтан кеткен.

"Франс-пресс" агенттигинин маалыматында нааразылык акциясы "панамалык документтер" чыры чыкканга чейин эле пландалган. Бул документтерде Кэмерондун туугандарынын дагы ысымдары аталган. Акцияны уюштурууга жардам берген “Элдик ассамблея” кыймылынын өкүлдөрүнүн пикиринде, “панамалык документтер” бул өкмөт тандалма азчылыктар үчүн экенинин далили болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG