Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушунда чаян чагып кеткен үч жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу медициналык "Тез жардам" кызматынан кабарлашты.
Дем жетпей, тумчуга баштаганда ата-энеси доктур чакырып, бала реанимацияга түшкөн.
Дарыгерлердин айтымында, ага "чаяндын уусунан токсикалык жабыркоо" диагнозу коюлду. (RK)