Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

ТҮРКСОЙ сыйлыгына кыргызстандык эки журналист татыктуу болду


ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгынын жаңы лауреаттары аталды. Алардын катарына кыргызстандык эки журналист – «Жетиген» журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашев менен эркин калемгер Мундузбек Тентимишев кирди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Сыйлык 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча ыйгарылууда.

Кулуевдин айтымында, Абдиламит Жумашев “Жетиген” журналын 15 миң нускага жеткиргени, маданият темасына айрыкча көңүл бурганы үчүн татыктуу болду.

Мундузбек Тентимишевге сыйлык Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып жарыялаган эмгектери жана “Бизге боордош Түркия” макалалар цикли үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземи 28-апрелде Азербайжандын Шеки шаарында өтөт. Бул шаарды ТҮРКСОЙ 2016-жылдагы түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыялаган.

Мурунку жылдары ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгын Карбалас Бакиров, Тынчтыкбек Чоротегин, Түгөлбай Казаков жана башкалар алган. (RK)

XS
SM
MD
LG