Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

ЖК төрагасына талапкер Исаев: Парламент ишин оптималдаштыруу зарыл


Жогорку Кеңеште төрага шайлоо маселеси каралып жатат. Ушу тапта өз программасы менен талапкер, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев тааныштырууда.

Ал 2013-жылы кабыл алынган Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну улантуу, парламенттик аппараттын ишинин сапатын, заманбап технологиялык базасын бекемдөө, бийликтин башка бутактары, коомчулук менен байланышты, кызматташтыкты жакшыртуу, мыйзам долбоорлорунун сапатын өркүндөтүү, реформаларды улантуу тууралуу айтты.

Ошону менен катар Исаев спикерликке шайланса да, шайланбаса да парламенттин ишин жакшыртуу багытында аракетин уланта берерин кошумчалады. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG