Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Кызганычтан соолуган өмүрлөр


Иллюстрация
Иллюстрация

Адистер акыркы кезде кызганычтын айынан түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган учурлар көбөйгөнүн айтышууда.

Кризистик борборлорго кайрылган келиндердин 90% зомбулукка кабылса, алардын дээрлик баары күйөөсүнүн кызганычынан жапа чеккендер. Адистер бул көрүнүшкө каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын эскертүүдө.

20-апрель күнү Ош шаарынын Алишер Навои паркында таанышы менен сейилдеп жүргөн 24 жаштагы кызга мурдагы жигити бычак шилтеген. Ош шаардык жана Ош облустук милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Замир Сыдыков окуя боюнча буларды билдирди:

- Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылынын тургуну К.П аттуу кызга эс алып жүргөн жеринен бир жаран кол салып, моюнга төрт, көкүрөк тушуна эки ирет бычак менен сайып жиберген. Кол салган жигит кыздын жанындагы уланды дагы кубалаган. Бактыга жараша ал качып үлгүргөн. Кылмышка шектүү делип, Алай районунун Кызыл-Алай айылынын 29 жаштагы тургуну С.Ж. кармалды. Ал алгачкы эле суракта жасаган кылмышын моюнуна алып, мындай кадамга кызганычтан улам барганын айтты. Анын көрсөтмөсүнө караганда жабырлануучу кызды жакшы көрүп, мурда мамиле түзүп жүргөн экен.

Жабырлануучу учурда Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы өтө оор. Моюну жана өпкөсү бычактан катуу жабыркаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул паранойя сыяктуу эле адамдын мээсине сиңип, кээде өмүрүнүн аягына чейин эле ушу менен жабыркашат. Жада калса 70-80ге чыкканда деле байбичесин кызгангандар бар.
Акчач Жолдошева

Күч кызматтары кызганычтан улам орун алган мындай окуялар бирин-серин эместигин билдирүүдө. Жыл башында Өзгөндө 18 жаштагы кызды тааныш жигиттери мууздап кетсе, Бишкекте ушундай эле жүйө менен 26 жаштагы келин таанышынын колунан набыт болгон.

Былтыр Араван районунда 11-класстын окуучусу сүйлөшкөн кызынын үйүнө достору менен бастырып кирип мушташ чыгарса, Бишкекте жаш жигит аялын кызганып муунтуп өлтүргөн.

Ош облустук милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, акыркы кезде кызганыч түрткү болгон кылмыш көп катталууда:

Үй-бүлө зомбулугунан жапа чеккендер көп учурда милицияга арызданбасы н адистер белгилешет
Үй-бүлө зомбулугунан жапа чеккендер көп учурда милицияга арызданбасы н адистер белгилешет

- Так статистиканы келтире албайм. Бирок Ош шаарында жана Ош облусунда кызганычтан улам түгөйүнө кол салган фактылар арбын катталууда. Көбү жубайларын уруп-сабаса, кээлери бычак же башка нерселер менен жарадар кылат. Буга чейин маселен аялын бычактап коюп, ал ооруканада дарыланып жатканда, кайра дагы кирип бычак сайган учур катталган. Мындай көрүнүштөргө азыркы жаштардын кызуу кандуулуугу, жакшы тарбия албагандыгы себеп болуп жатса керек.

2015-жылы Кызыл-Кыя шаарында кызганычтын айынан бир жаран аялын өрттөп салса, өзгөндүк тургун аялын "интернетте башка жигиттер менен сүйлөшүп жатат" деп бычактаган. Былтыр ошондой эле Кара-Суу районунун тургуну аялын сабап өлтүргөн соң өзүн өзү асып салган. Токмоктун 35 жаштагы жашоочусу аялынын таанышын өлтүрүп, кийин өзүнө өзү кол салган.

Жабырлануучу тарап буга башынан жол бербеши керек. Күч кызматтары да жарына кол көтөргөндөрдү катуу жазаласа, башкалар да ойлонуп иш кыла баштайт.
Бүбүсара Рыскулова

2014-жылы Араван районунун үй-бүлө мүчөлөрү жүрүм-туруму жаман деген жүйө менен келинин өлтүрүшсө, Москвада 19 жаштагы кыргыз кызга бензин чачып өрттөп кетишкен. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда мурдагы жылы аялын токмоктоп өлтүрсө, Чүйдө 49 жаштагы тургун жубайына бычак урган.

Бул акыркы эки-үч жылдагы күч кызматтары ачыкка чыгарган гана фактылар. Көп учурда жабырлануучулар токмок жесе да арызданбай, жабылуу аяк жабылуу бойдон каларын адистер белгилешет.

Кызганган күйөөсүнүн запкысынан улам кризистик борбордо дарыланып жаткан аялдардын бири, 33 жаштагы Турсунай буга чейин “Азаттыкка” буларды айтып берген эле:

- Уруштун көбү эле кызганычтан чыгат. Бул жолу да айла жок качып келдим. Балдарым да атасынан коркот. Акыркы жолу катуу сабады, ошого чыдабай качып чыктым. Чаң соргучтун шнуру менен, кээде чөмүч менен бетке чабат. Чачыман жулуп, ары-бери сүйрөйт. Балдарым болушса “апаңар үчүн ыйлайсыңар” деп аларды урат. Кудайдан бүгүн тынч жатсак экен деп күндө суранып, келме келтирип отурам. Бирок күндө эле ызы-чуу... Ал келатканда эмне кылып, эмне коюп жатканымды билбей, өзүмдү жоготуп коём. Дүкөнгө барсаң да "бат кел" дейт, бир аз кечиксең анда да урушат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектеги “Сезим” кризистик борборуна соңку бир жылда 2,5 миңдей кыз-келин жардам сурап кайрылса, алардын 90% зомбулуктан жапа чеккендер экени аныкталган. Алардын дээрлик көпчүлүгүнүн күйөөлөрү жана жигиттери кызганычтан улам аларга кол көтөрөт. Ушундан улам адистер зомбулуктун алдын алуу үчүн алгач ушул “кызгануу” көрүнүшү менен күрөштү күчөтүү керектигин эскертүүдө.

“Сезим” кризистик борборунунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова буларга токтолду:

- Бак-дарактан же көчөдө өтүп бараткан бирөөдөн деле кызганып, аялын сабап салгандар бар. Бул биринчиден өзүнө ишенбеген, алсыз эркектер тарабынан жасалат же ичимдик ичип алганда күчөйт. Анан ал барып уруп-сабоого, өлтүрүүгө чейин жетет. Экинчиден, буга аялбы же эркекпи кызганууга жол берип, өзүн сабатууга жол берип жаткандыгынан болуп жатат. Ошону үчүн жабырлануучу тарап буга башынан жол бербеши керек. Албетте бул шартта дароо эле ажырашып кетүү керек дебейм, болгону бул жерде коомчулук, жамаат, туугандар жардамга келиши зарыл. Күч кызматтары да жарына кол көтөргөндөрдү катуу жазаласа, башкалар да ойлонуп иш кылмак.

Ошол эле кезде адистер адамдагы “кызгануу” сезимине дарт катары мамиле кылып, аны дарылоо зарылдыгын айтышат. Психолог Акчач Жолдошева буларга токтолду:

- Адам бала кезде психологиялык жактан жабыр тартып калса, үй-бүлөдө, жашоодо жаш кезден зомбулукка кабылса, ал эс тартканда ошол ызасын бирөөдөн чыгаргысы келет. Бир эле мен эмес, жалпы эле психологдор, психоаналитиктер “кызганууну” дарт катары эле эсептешет. Бул паранойя сыяктуу эле адамдын мээсине сиңип, кээде өмүрүнүн аягына чейин эле ушу менен жабыркашат. Жада калса 70-80ге чыкканда деле байбичесин кызгангандар бар. Кызгануу сезимин башкара албай калган кезде, жубайын сабап, өлтүрүп коюуга чейин жеткени ошондон. Эгер биз бул көрүнүшкө кайдыгер карай берсек, ал дагы өөрчүй берет. Ошондуктан кызгануу сезимин башкара албаган адам коркпой эле психологго келип жардам алып, өзүн башкарууга үйрөнүүсү шарт. Муну мектептерде, ЖОЖдордо айтып, үйрөтүү зарыл.

Адистер кызгануудан улам жубайларына кол салуу башка өлкөлөрдө деле бар экенин, бирок Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда бул көрүнүш азайбай жатканын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG