Бишкектин башкы аянтында гүлдөп турган жоогазындарды уурдап кеткен өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Он төрт жаштагы эки өспүрүм күнөөсүн моюнга алып, жоогазындардын бир даанасын 50 сомдон сатып жиберишкенин айтышкан. Азыр алардын дагы башка шериктеринин бул ишке катышы иликтенүүдө.
18-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ала-Тоо аянтындагы жоогазындарды тебелеп, уурдап кетишкен. Милиция 1 миң 200 түп гүл тамыры менен казылганын аныктады. Гүл уурдалган учур Бишкекте буга чейин да катталган. 2013-жылы Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Жеңиш паркында президент отургузган бир нече сакура көчөтүн белгисиз адамдар уурдап кетип, кийинчерээк ордуна кайра көчөт отургузулган. (NT)