Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Крымдагы репрессиянын уландысы...


18-апрелде Орусиянын Юстиция министрлиги Крым-татар мажилисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салды.
18-апрелде Орусиянын Юстиция министрлиги Крым-татар мажилисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салды.

Кошмо Штаттар Орусияны Крым-татар мажилисин “экстремисттик” уюм катары таануу тууралуу чечиминен баш тартууга чакырды.

АКШ Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирби 21-апрелде жасаган билдирүүдө Мажилис буга чейин басмырлоого кабылып келген крым-татар элинин укугун коргоп, маданиятын жайылтууга өбөлгө түзүп келгенин билдирди.

Жон Кирби Крым башка өлкөгө караштуу аймак экендигин, ошондуктан Орусиянын мыйзамдары бул жарым аралда негизсиз болорун эске салып, Крымды Украинага кайтарып берүүгө чакырды.

18-апрелде Орусиянын Юстиция министрлиги Москва аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонскаянын чечимдерине таянып, Крым-татар мажилисин экстремисттик уюмдардын катарына кошуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Крымдын Москва дайындаган прокурору Наталья Поклонская уюмдун лидерлерин “Боз карышкырлар” жана “Хизбут-Тахрир ал-Ислами” сыяктуу террорчул уюмдар менен кызматташат деп айыптаган. Мажилистин бир катар лидерлери экстремизмге айыпталып издөөдө жүрүшөт.

- Мажилистин төрагасынын, лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн экстремисттик чакырыктарынын күчөшүн эске алуу менен, аймактагы туруктуулукту сактоо жана улуттар аралык кастыкты күчөтүп албоо үчүн Мажилистин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечимин кабыл алдым, - деп билдирди прокурор Поклонская.

Крымдын прокурору Наталья Поклонская.
Крымдын прокурору Наталья Поклонская.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди адам укуктарынын бузулушу жана Крымдын түпкүлүктүү элине каршы “сталиндик репрессиянын уландысы” катары баалады.

Буга чейин Улуттар уюму Орусияны бул кадамга барбоого чакырган.

Евробиримдик дагы бул боюнча камтамасын билдирген. Киев бул чечимге каршы туруп, “Крым-татар элинин улуттук аброюн кемсинтүү” деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Крымдагы мажилис өкүлдөрү доо арыз менен сотко кайрылабыз дегени менен, азырынча алардын бардык ишмердүүлүгүнө, банк эсептерине тыюу салынды.

Москвадагы “Сова” маалымат-аналитикалык борборунун башчысы Александр Верховский Крымдын орусиячыл прокуратурасынын чечими мажилистин мүчөлөрүнө да коркунуч туудурушу ыктымалдыгын белгиледи. Ал мажилистин атынан чыккан ар бир адам кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн эскертти.

Amnesty International уюмунун адам укуктары боюнча эксперти Красимир Янков аймакта калган мажилистин мүчөлөрү эми уюмдун атынан эмес, өз алдынча ишмердүүлүк жүргүзүп, уюмдун укугун коргоого аракет жасашы керек дейт.

- Мен эч кандай социалдык чыңалуулар же массалык нааразылык акциялары болбойт деп ойлойм. Анткени Орусия эч кандай мунасага барбастыгын эл билет. Тескерисинче көбүн кылмыш жоопкерчилигине тартып, узак мөөнөткө эркинен ажыратышы мүмкүн, - дейт Янков DW маалымат агенттигине курган маегинде.

Орусия Крымды 2014-жылдын 20-февралында аннексиялап алган. Батыш өлкөлөрү Москванын бул кадамын кескин сынга алып, бир катар экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG