Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:37

Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына арналган конференция өттү


Бүгүн Улуттук илимдер академиясында белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган илимий-практикалык конференция өттү.

Ага окумуштуулар, журналисттер жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Конференцияда окумуштуулар жана жазуучулар Салижан Жигитовдун кыргыз адабиятындагы, илимдеги орду, жаңылыгы, инсандык касиети, достугу, кулк-мүнөзү, басылып чыкпай турган адабий мурастары жөнүндө сөз кылышты.

Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. 

Бир нече жыл "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин жетектеген.

2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. (RK)

 

 

 

 

 

 

 

 

XS
SM
MD
LG