Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Малайзиялык мугалимдер англис тилин үйрөтөт


Малайзия
Малайзия

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги быйыл жайында Ысык-Көлдүн жээгинде мектеп окуучулары үчүн англис тили боюнча сабактарды уюштурат. Элчиликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, малайзиялык мугалимдер жана окуучулар тобу бир жумага келгени жатат.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилени бекемдөө, туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөр менен малайзиялык конокторду жакындан тааныштыруу жана кыргызстандык окуучуларга кошумча билим алуусуна, чет мамлекеттердин маданиятын таануусуна шарт түзүү.

Көл жээгинде июль айында өтө турган сабактарга катышуучуларды тандоо укугун элчилик жергиликтүү бийликтердин өзүнө берди.

Кыргызстандын ар бир районунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 12-15 жаштагы бирден окуучу тандалып алынышы керек.

Англис тилин үйрөнүүдөн тышкары окуучулар үчүн спорттук таймаштар, экскурсиялар уюштурулат.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов буга чейин кыргызстандык окуучулар арасында “Мен Кыргызстандын өнүгүшүн каалайм” деген темадагы дилбаяндар сынагын өткөрүп, жеңүүчүлөрдү Куала-Лумпурга алып барып келген. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG