Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Алматыда журналисттер жана активисттер камалды


Алматыда жер сатууга каршы активисттерди полиция кармап кетти. 29-апрель, 2016-жыл.
Алматыда жер сатууга каршы активисттерди полиция кармап кетти. 29-апрель, 2016-жыл.

Алматыдагы Улуттук басма сөз клубунда бүгүн бир канча жарандык активисттерди жана журналисттерди полиция кармап кетти. Алар мурдарак жер маселеси боюнча маалымат жыйын курушарын кабарлашкан эле. Жыйын учурунда полициянын атайын кызматы келип, ондой адамды алып кеткен. Кармалгандар арасында саясатчылар да бар. Алар Медеу райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы маалымдады.

Маалымат жыйынын уюштуруучулар 7-майда Алматыда “Жерди коргойбуз – тилди сактайбыз!” аттуу тынчтык митингин өткөрүү тууралуу кабарлоо максатында чогулушканын айтышкан.

Казакстанда мамлекеттин жерлери чет элдиктерге да сатылары тууралуу маалымат тарап, 24-апрелден ар кайсыл аймактарда каршылык митингдери күч алууда.

Президент Нурсултан Назарбаев жер сатуу жөнүндө чагым уюштургандарды кармап, жазалоону тапшырган.

XS
SM
MD
LG