Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Орусиядагы айрым кыргыз уюмдары Кубанычбек Кадыровду бошотууну суранышты


Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын айрым өкүлдөрү оппозициячыл саясатчы Кубанычбек Кадыровду камактан бошотууну талап кылып президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана фракция лидерлерине кайрылуу жолдоду. Анда оппозициячыл саясатчы Кубанычбек Кадыров негизсиз камалганын жана анын укуктары одоно бузулуп жатканы айтылат. Ошондуктан, бийликти Кадыровду камактан бошотуп, саясий куугунтукту бошотууга чакырышты.

Кайрылууда Орусиядагы кыргыздардын “Манас-Ата”, “Ала-Тоо-Оренбург”, “Ата Мекен” уюмдары жана Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү фондунун мүчөлөрүнүн колу коюлган.

УКМК "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта кармаган. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 12-майга чейин камакка алган. Буга интернетте Кадыров, Асанов катышкан оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасманын тарап кеткени жүйө келтирилген.

Кармалгандар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG