Лейбористтер партиясынын мүчөсү Садик Хан 4-май күнү Британиянын баш калаасы Лондонго шаар башчысы болуп шайланды. Ал Батыштагы баш калаага мэр болгон алгачкы мусулман катары тарыхка кирди деп жазат Newsweek журналы.
Хандын консерваторлор партиясындагы атаандашы Зак Голдсмит пакистандык автобус айдоочунун уулу Садик Хандын радикал исламчылар менен байланышы бар деп бир нече ирет жарыялаган. Бирок мындай жалаага карабай, мусулман мигранттын уулун лондондуктар шаар башчылыгына шайлашты.
Садик Хандын ата-энеси Лондонго өткөн кылымдын 60-жылдары көчүп барышкан. Жашаганга жери жок болгондуктан, атасы шаардык автобус станциясына айдоочу болуп иштеп, мамлекеттик үйдө жашаган. (BCh)