Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Сирияда туткундан үч испан журналист куткарылды


Журналисттер тогуз ай мурда Сириянын Алеппо шаарында согушкерлерге туткунга түшүп калышкан.
Журналисттер тогуз ай мурда Сириянын Алеппо шаарында согушкерлерге туткунга түшүп калышкан.

Сирияда тогуз ай мурда уурдалып кеткен үч испан журналист 8-майда мекенине кайтып келишти. Алар ишембиде бошотулганы маалым болду. Хосе Мануэль Лопес, Анхель Састре жана Антонио Памплиеганы атайын учак жекшембиде Мадриддин жака белиндеги Торрехон аскерий базасына жеткирди.

Алар Сириянын Алеппо шаарына жакын жерде өткөн жылдын июль айында уурдалып кетишкен. Испан маалымат каражаттарынын жазышынча, журналисттерди “ан-Нусра фронту” экстремисттик тобунун согушкерлери туткундаган. Испания бийлиги үч журналист союздаш өлкөлөрдүн жардамы менен куткарылганын билдирди.

Куткаруу операциясына өзгөчө Түркия менен Катар мамлекеттери колдоо көрсөткөн. Март айында ушундай эле бир нече ай Сирияда согушкерлердин колунда жаткан дагы үч испан журналисти куткарылган.

XS
SM
MD
LG