Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Орусияда оппозициячыл активистти күчтөп ооруканага жаткырышты


Воронеждик оппозициячыл активист Дмитрий Воробьевский 6-майда психиатриялык ооруканага жаткырылган. Анын жакын санаалаштарынын айтымында, активист өз үйүндө отурган жерден милиция жана санитарлар күч менен менен алып кетишкен. Жергиликтүү укук коргоочулар Воробьевскийдин ооруканага жаткырылышы боюнча териштирүүнү талап кылышууда. Алардын арызы боюнча сот бүгүн болору маалымдалууда.

Дмитрий Воробьевский Кремлге каршы акцияларга активдүү катышып келген.

Бийликке сын айткандарды күчтөп психиатриялык ооруканага жайгаштыруу Советтер Союзунун учурунда кеңири колдонулган ыкма катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG