Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Түлеев бошоду: кезекте ким?


Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, экс-депутат Хажимурат Коркмазов сотто.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, экс-депутат Хажимурат Коркмазов сотто.

Түлеевдин бошотулушу коомчулукта ушул тапта коррупция үчүн айыпталып, кесилген башка да саясатчылардын эркиндикке чыгышына жол ачабы деген суроо жаратты.

Саясий чөйрөдө коррупцияга байланыштуу камалган мурдагы мэр Нариман Түлеевдин эркиндикке чыгышы ар кандай божомолго, талкууга жем таштаган башкы тема бойдон калууда. Айрым серепчилер мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген же акча уурдаган саясатчылар айыппул төлөп, жазадан кутулуп жатканы жемкордук менен күрөшкө терс таасирин тийгизерин айтышууда.

Абактагы аткаминерлердин узун тизмеси

Үлкөн аткаминерлерден президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, экс-депутаттар Хажимурат Коркмазов, Урмат Аманбаева жана Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиев коррупцияга байланыштуу кесилип, учурда камакта отурушат.

"Түлеевдин жакындарынан акча талап кылып, анын мүлктөрүн камактан чыгартууга ортомчу болууга аракет кылган" деген айып менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев үч, экс-депутат Хажимурат Коркмазов бир жарым жылга кесилген жана үй-мүлкү тартылып алынсын деген чечим чыккан. Алардын жактоочулары Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул болбой келишет.

Аманбаеванын төлөгөн айыппулу

Ал ортодо өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тогуз жылга эркинен ажыраткан экс-депутат Урмат Аманбаева мамлекетке үч миллион сом төлөп бергени белгилүү болду. Анын жактоочусу Жыргал Бабаевдин айтымында, сот Аманбаевага жалпы 15 миллион айыппул салган. Учурда калган каражатты качан төгүп берээри белгисиз.

- Соттун алдында төлөгөн. Ден соолугу начарлап төлөсө төлөйүн деген. Бирок бул күнөөсүн мойнуна алат дегендик эмес. Калганын төлөйбү же жокпу, мен билбейм.

Көшөргөн Абеков

Ал эми төрт жылдан бери "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири саналган Алмазбек Абеков мекемедеги коррупциялык иштер боюнча айыпталып, соту бүтө элек. Ага жана эки кишиге "Мегаком" ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Жактоочусу Икрамидин Айткулов эми кандай гана чечим чыкпасын аны абакта кармоо мыйзамсыз деп эсептейт.

- Анын отурганына төрт жылдай болуп калды. Ал эми СИЗОдо отурган бир күнү эки күн болуп эсептелет. Азыр аны күнөөлүү деп тапкан күндө да абакта кармоо мыйзамсыз. Бирок ал акталам деп отурат.

Профессор, талдоочу Кусейин Исаев мамлекеттик мүлккө кол салгандарды мыйзам менен кайра төлөтүп алуу кандайдыр бир деңгээлде жемкорлукту тыюуга салым кошот деген пикирде. Исаев Түлеевди мисалга тартып, мамлекет койгон айыпты төлөп берип эркиндикке чыгуу мыйзамга ылайык экенин белгилейт.

- Эми ал өзү деле түрмөдө бир топ жатты. Ошол деле жаза болот. Анан мамлекеттин акчасын кайрып берсе, мыйзам менен бошотулганы туура деп эсептейм.

"Төлөсүн, бирок бошобосун"

Ошентип 11 жылга кесилген Түлеев 61 миллион сомду төлөп, төрт жылга жетпей бошотулушу, учурда коррупцияга байланыштуу камакта жактан саясатчылардын бошотулушуна жол ачты деген сындар арбын айтылууда. Түлеевдин бошотулушун сындап чыккан айрым саясатчылар, бюджеттин акчасын уурдагандарга жазаны күчөтүү зарылдыгы дагы бир жолу аныкталды дешет. Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- Эгерде акчасы бар адам түрмөдөн чыгып кетип, артыкчылыка ээ экенин көрсө, мамлекетке болгон элдин ишеними азайат. Мен сизге бир окуяны айтсам: жакында эле Аксыдан жүздөгөн кой уурдаган ууру кармалат. Ал кой уурдап жаткан жеринен колго түшөт. Ууру кой ээсине төрт кой берип койсо, арыз алынып иш кыскарат. Бул деле ошол сыяктуу - миллионду уурдап анын ондон бирин берип чыгып кете берсе болбойт да. Анда кылмыш кылуу пайдалуу болуп калат.

Эл өкүлүнө үндөш пикирди карманган мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев өлкө казынасына кол салгандар мамлекет салган айыппулду төлөсө эле бошоп кетпеши керек дейт.

- Биринчи кезекте жазалоо тартиби аткарылышы керек. Анан мөөнөтү бүткөн соң акчаны да кайтарып берүү болуш керек. Колуң менен кылганды башың менен тарт...

Ал эми кыңыр ишин күч органдарына 92 миң сом пара берип жашырам деген туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиевди Биринчи май райондук соту алты жыл эркинен ажыраткан. Бул чечимди ири суммада акча жеген саясатчыларга салыштыргандар бийлик коррупцияга каршы күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү аракети деп сындашкан.

Коомчулукта Түлеевге иштеген мыйзам жемкорлукка байланыштуу кесилген дагы канча саясатчыга колдонулат деген суроого азырынча ачык бойдон калууда.

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев 7-майда эркиндикке чыккан. Ал өзүнө тагылган айып боюнча мамлекетке келтирилди делген 61 млн сом чыгашаны толук төлөп бергенин жана мөөнөтүн кыскартуу боюнча мунапыс менен бошотулганын журналисттерге билдирген.

Темир тор артындагы саясатчылар демекчи, Апрель окуясы боюнча да бир катар жогорку даражалуу аткаминерлер азыр Тергөө абагында отурушат. Алардын сот иштери толугу менен акырына чыга элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG