Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Иранда хижабсыз аялдардын сүрөтүн жарыялагандар сурак берүүдө


Иранда хижабга каршы үгүт учурунда Facebook тармагына жарыяланган сүрөт
Иранда хижабга каршы үгүт учурунда Facebook тармагына жарыяланган сүрөт

Иран күч түзүмдөрү хижаб кийбеген аялдардын сүрөттөрүн интернетке чыгарды деп шектелген сегиз кишини кармады. Мамлекеттик телеканал тараткан кабарга ылайык, Instagram социалдык тармагына сүрөтү тарап жаткан 170 аялдын тек-жайы аныкталган. Алардын 58и модель, 51и кийим дизайнери, 59у фотограф жана визажисттер. Алар “Ирандагы үй-бүлө баалуулуктарына доо кетирип жатат” деп айыпталышууда.

Мамлекеттик телеканалдагы баянда бир аял өзүнүн сүрөтүн акчага сатканын билдирет.

Өткөн жума Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи интернетти “согуш майданы” деп атаган жана дин өкүлдөрүн “туура эмес идеяларга” каршы күрөшкө чакырган.

XS
SM
MD
LG