Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Жасалма паспорт маселеси парламентте талкууланат


Жогорку Кеңеш кийинки аптада жасалма паспорт маселесин талкууламай болду. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Кенжебек Бокоев Стамбулдагы окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринен маалымат алуу керектигин айтып чыгышты.

Депутат Бокоев бул маселе мурда да каралганын, Жогорку Кеңеште тиешелүү токтом кабыл алынганын, бул жолу ошонун аткарылышын талкуулоо керек экенин айтты:

- Билесиңер, Грузиянын криминалдык авторитети, Казакстандын качып жүргөн олигархы Аблязовдон табылган биздин паспорттор. Кылмыштуу топтордун колунда ИИМдин, ЗАГСтын, архивдин жана башка мекемелердин жүздөгөн мөөрлөрү табылган.

Кечээ Стамбулда Сауд Арабияга учууга аракет жасаган 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалды. Алар Түркияга Үрүмчүдөн учуп келген.

Аэропортто 98 кишилик топтон шектенген полиция аларды текшерген.

Натыйжада жасалма документ жасады деген шек менен төрт киши камакка алынган. Расмий иликтөө иштери бүткөндөн кийин 98 адам Кытайга депортацияланат. (RK)

XS
SM
MD
LG