Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

“Элдик парламенттин” мүчөсү Александр Гусев эки айга камакка алынды


Интернетке чыккан сүйлөшүүлөрдүн үнү.
Интернетке чыккан сүйлөшүүлөрдүн үнү.

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан маалыматка таянсак, “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн бири Александр Гусевдин баш коргоо чарасы 18-майда аныкталды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алды.

Гусев “Элдик парламенттин” лидерлерине козголгон кылмыш ишинин негизинде 16-майда кармалган. Атайын кызмат анын үйүн тинтүү учурунда ал курал колдонорун эскерткенин, сот уруксат берген текшерүүгө тоскоолдук кылганы үчүн кармап кеткенин билдирген. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө комитетине өткөрүп берген.

Апрелде түзүлгөн “Элдик парламент” уюму 12-майда форум уюштуруп, 17-майга чейин президент Алмазбек Атамбаев отставкага кетсин деген талап коюп, антпесе митингге чыгарын жарыялашкан. Бул жыйындан кийин Улуттук коопсуздук комитети анын лидерлерине “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алды. Өткөн аптада "Элдик парламенттин" жетекчилериники делген телефондук сүйлөшүүлөрдүн үнү интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз болгон." Элдик парламент" бийликтин камакка алуулары мыйзамсыз экенин айтууда. Кыймылдын 17-майда Жеңиш аянтына белгиленген митинги болбой калды. (NT)

XS
SM
MD
LG