Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Санкт-Петербургда тажик наристенин өлүмү боюнча жаңы экспертиза жүргүзүлөт


Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына ымыркайдын өлүмүнө кайдыгер карабагандардар алып келген гүл. 2015-жыл
Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына ымыркайдын өлүмүнө кайдыгер карабагандардар алып келген гүл. 2015-жыл

Энесинен ажыратылып, полициянын колунда калган кезде чарчап калган беш айлык Умарали Назаровдун өлүмү боюнча сот тергөөчүлөрдүн аракетсиздигин мыйзамсыз деп тапкан. Сот чечимине ылайык, наристенин өлүмү боюнча жаңыдан экспертиза жүргүзүлмөкчү. Адвокат Ольга Цейтлинанын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, экспертиза аскер-медициналык академияда жүргүзүлөт. Мындан тышкары жабырлануучу тарап полиция жана федералдык миграция кызматкерлеринин иши боюнча да процессуалдык документтерди алууга укук алды.

Өткөн жылы 13-октябрда Санкт-Петербургда беш айлык Умарали Назаров энесинен полиция участогунда ажыратылып, өзүнчө калтырылгандан бир нече сааттан соң чарчап калган.

XS
SM
MD
LG