Синоптиктер билдиргендей, 23-27-майда аба ырайынын туруксуздугунан, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
24-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустардын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Суусамырда түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
24-майда Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25° жылуу болот.