24-27-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Суусамырда түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Нарын дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градуска чейин жогорулайт.
25-майда Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 24…26 градус жылуу болот.