Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Ат-Башы районунда 30га чукул үй жарыксыз калды


Ат-Башы районунун Биринчи май айылынын жашоочулары 18-майда өчкөн электр жарыгы дале бериле элек деп нааразы болушууда. Бул тууралуу айыл тургундары "Азаттыкка" билдиришти.

18-майда катуу жаандан улам аларды жарык менен камсыздаган трансформаторго суу кирип, бузулуп калган. Айылдыктар аны оңдоо аракети көрүлбөй жатканын, буга чейин да электр жарыгы өчкөн учурлар болуп, бирок эл нааразылык билдирмейинче өз убагында калыбына келтирилбегенин айтышууда.

Ал эми Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасы трансформатордун бузулганына эки эле күн болгонун, андан бери оңдоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. Мекеменин билдиришинче, айылга жакынкы 2-3 күндө трансформатор кайра орнотулат. Азыр 30га жакын үй жарыксыз отурат. (MiK)

XS
SM
MD
LG