Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Паспорт даярдоо ишин толук мамлекетке алуу сунушталды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында Стамбулда кыргыз паспорттору менен кармалган кытайлык уйгурлардын окуясы талкууланган учурда айтылды. Депутаттар мамлекеттик документтерди жасаган кылмыштуу топторго бөгөт коюу, паспорт даярдоо ишин толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүү, документтерди жасай турган жабдууларды сатып алууга каражат табууну өкмөткө сунушташты.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматы бул документтердин чыныгы ээлери Кыргызстанда жашарын жана уйгурлардан алынган паспорттор жасалма экенин билдирип келет.

Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Стамбулда Кыргызстандын төрт жараны да колго түшкөн. ИИМ бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG