Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Насыя алып кыйынчылыкка дуушар болгондор териштирилет


Акча.
Акча.

Каржы-кредиттик уюмдардан насыя алуучулардын маселелерин чечүү максатында түзүлгөн мекемелер ортолук комиссия эми аймактарда да насыя алуучулардын көйгөйлөрүн териштирет. Улуттук банктан кабарлашкандай, комиссия насыя алуучулардан арыздарын жана документтерин кабыл алып, алардын укуктарын коргомокчу.

Ушул маалга чейинки текшерүүдө 604 адам кредитти кайтарууда кыйынчылыктарга кабылганы аныкталган. Аларга банктардын кредит шарттарын өзгөртүү, насыяны кайтаруу мөөнөтүн узартып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Билдирүүдө айтылгандай, аймактык комиссиялар чогулткан арыздар мекемелер ортолук комиссияга жиберилет. Бул комиссия банк жана башка каржы-кредиттик уюмдардан насыя алуучулардын маселелерин чечүү максатында былтыр жайында түзүлгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG