Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Кытайда ата-энесин кароого 20 күндүк эмгек өргүүсү бериле баштады


Хэнань провинциясынын бийлиги киргизген эмгек өргүүсүн үй-бүлөсүндө жалгыз бала болгондор ата-энесин кароо үчүн колдоно алышат. Бул Кытайдын узак жылдарга созулган “Бир үй-бүлө - бир бала” саясатынын кенемтесин толтуруу максатында киргизилүүдө. Ошондой эле Хэнань провинциясынын бийлиги жашы 60тан ашып, ооруканада жаткан ата-энелерин кароо үчүн кызматчыларга кошумча эмгек өргүүсү киргизилерин айтууда.

Кытайдагы “Бир үй-бүлө – бир бала” саясаты 1970-жылы киргизилип, өткөн жылы гана толугу менен жоюлган. Анын жоюлуусуна өлкө тургундарынын картайып баратканы себеп болгон. Айрым маалыматтар боюнча, 2050-жылдары 65 жаштан ашкан жарандар Кытай элинин чейрек бөлүгүнөн ашат.

XS
SM
MD
LG