Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Тай боксчу Шевченконун машыктыруучусу октон жараат алды


Кыргызстандык машыктыруучу Павел Федотов Перуда атышуудан жарадар болду. Бул тууралуу MMA Fighting сайтында кабарланды. Андагы маалыматка караганда, кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченконун машыктыруучу Федотов менен жекшемби кечинде кафеде тамак ичип отурган учурда куралчан топ аталган жайга кол салган. Жыйынтыгында ок атышуу болуп Павел Федотов жараат алып, ооруканага түшкөн. Валентина Шевченко жабыр тарткан эмес.

Тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиондору эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченко акыркы жылдары Түштүк Америкадагы Перуда машыгып жүрөт. Аларды Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Павел Федотов машыктырып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG