Бул тууралуу экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылдын май айында Тейит айылындагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандарынын турак жайынын өрттөлүшү боюнча Кадыржан Батыровду күнөлүү деп тапкан. Буга байланыштуу жабырлануучулардын пайдасына 7,4 млн сом өндүрүп берүүнү чечкен.
2015-жылы Сузак райондук соту акчанын ордуна Батыровдун үйүн алып берүү боюнча чечим чыгарган.
“Соттун чечиминин негизинде турак-жай мыйзамдуу түрдө өткөрүлгөн”-деди Бакиев.
Өткөн жумада облустук прокуратура Батыровдун үйүнүн Бакиевдерге өтүшү боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнө жана сот аткаруучуларга карата кылмыш ишин козгогон.
Анын негизинде ушул жылдын 26-майында Батыровдун Сузак районунун Дмитриевка айылындагы турак жайына кайрадан камак салынды. (RsK)