Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Ооганстан: сот залына кол салууда 10 адам мерт болду


Газнидеги сот имаратына кол салуудан кийин.
Газнидеги сот имаратына кол салуудан кийин.

Ооганстанда сот залына кол салуудан 10 адам мерт кетти. Өлкө чыгышындагы Газни шаарында сот болуп жаткан учурда төрт согушкер залга куралчан кирип келишкен. Полиция менен кагылышта 10 адам мерт кетти, анын ичинде беш жөнжай адам жана бир полиция кызматкери бар.

Провинция башчысынын маалымат катчысы билдиргендей, сот залына кирип баратып согушкерлердин бири өзүн жардырган. Андан соң үчөө залга кирип барган. Кол салган үч согушкер тең өлтүрүлдү. Алар 8-майда террорчулук үчүн өлүм жазасына тартылган алты согушкердин куну үчүн өч алууга аракет кылганы айтылууда.

Аталган согушкерлер Кабулдагы апрель айында 64 адамдын өмүрүн алган теракт үчүн айыпталып, өлүм жазага тартылган.

XS
SM
MD
LG