Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Өкмөт: “Кумтөр” долбоорунда элдин кызыкчылыгы эске алынат


"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

Бул тууралуу өкмөт «Центерранын» укуктук кеңешчиси, Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын Кумтөр кени боюнча талаш-тартышты эл аралык арбитраж аркылуу чечүү тууралуу катына жооп иретинде жарыялады. Ошол эле маалда экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, «Кумтөр» долбоорунун туруктуу иштешине кызыкдар экенин, талаштуу маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

“Кумтөр голд компани” Кыргызстандын экологиялык мыйзамдардын сакталбай жатканы боюнча эскертүүлөрүн этибар албай койгонун, «Центерра Голд Инк» компаниясы болсо муну чечүүгө кызыкдарлыгын көрсөтпөгөнүн эске салган. Мындан тышкары өкмөт Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары мыйзам чегинде, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо максатында иштеп жатканын белгиледи.

Учурда «Центерра Голд Инк» компаниясынын арбитражга кайрыла турган доолору боюнча иликтөө башталды.

Буга чейин кыргыз тарап менен “Центерра Голд” компаниясынын 50/50 пайыздык үлүштөгү биргелешкен компания түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнөн натыйжа чыккан эмес. Быйыл жыл башында өкмөт андан бир тараптуу чыкканын жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG