Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Украинада сот реформасы үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилет


Порошенко парламентте сот реформасы боюнча сүйлөөдө. 2-июнь, 2016-жыл.
Порошенко парламентте сот реформасы боюнча сүйлөөдө. 2-июнь, 2016-жыл.

Бул үчүн тиешелүү мыйзамды бүгүн украин парламенти 335 добуш менен жактырды:

"Биз украиналыктарга чындыкка, адилеттүүлүккө болгон укугун кайтарабыз, Украинадагы адилетүү соттук териштирүүлөр үчүн күрөшөбүз. Соттун кызматына чынчыл, бейтарап, кесипкөй, патриот жана саясатка байланышпаган адамдар келет. Бул конституциялык реформа ушуга жол ачат", - деди президент Петро Порошенко бүгүн парламентте сүйлөп жатып.

Президент этикалык жаңы системанын талаптарына ылайык, Украинанын азыркы сотторунун 40% ашууну жооп бербей турганын да кошумчалады.

Ал эми Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан депутаттар арасында жакында Орусиянын абагынан бошонуп, мекенине кайткан аскерий учкуч Надежда Савченко да болду.

Украинанын сот системасында тамыр жайган паракорчулук реформаларга тоскоолдук жараткан чечүүчү факторлордун бири катары аталып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG