Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Клинтон: Трамптын жеңиши Кремлди сүйүнтөт


Хиллари Клинтон Сан-Диегодо сүйлөөдө. 2-июнь, 2016-жыл.
Хиллари Клинтон Сан-Диегодо сүйлөөдө. 2-июнь, 2016-жыл.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоонун риторикасы күч алууда. Эки партиядан быйыл күздөгү чоң шайлоодо ат салышары күтүлгөн Клинтон менен Трамп бири-бирин сындап, айыптап да жатышат.

Демократиялык партиянын президенттикке үмүткөрү Клинтон республикачыл атаандашы Дональд Трамптын мамлекет башчылыкка келиши “тарыхый ката” болот деп сыпаттады.

Демократиялык партиядан быйыл июлдагы курултайда талапкерлик укукту алат деп күтүлгөн мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон болочок атаандашы Дональд Трампка каршы кезектеги ачуу сындарын атайын тышкы саясаттын маселелерине арналган сөзү учурунда ачык айтты.

Чогулгандарга жана анын сөзүн угуп жаткандарга болочок атаандашы Ак үйдөгү бийик кызматты ээлөөгө жараксыздыгын түшүндүрүүгө умтулду.

- Дональд Трамптын идеялары жөн эле ар түркүн эмес, эч кандай ырааттуулугу жок, коркунучтуу нерселер. Чын-чынында алар идея деле эмес, чылгый калп. Президенттикке ал даяр эмес гана болбостон, билимди, туруктуулукту, эбегейсиз жоопкерчиликти талап кылган бул кызматты ээлөөгө темпераменти жагынан да такыр жараксыз. Өзөктүк куралдын коддору анын колуна эч убакта тийбеши керек. Анткени, териси жука Дональд Трамп кимдир бирөө ачуусуна тийип койсо эле бизди согушка алып барарын элестетүү кыйын эмес, - деди Клинтон Сан-Диего шаарында сүйлөп жатып.

Ал өзү мамлекеттик катчы катары АКШнын президент Барак Обаманын президенттиги учурундагы тышкы саясатын калыптандырууга салым кошконун да эскерип өттү.

Саясатка бизнестен кирип жаткан, сулуулар сынагын өткөрүп жүргөн Трамптын бул жаатта такыр эле тажрыйбасы жок деп ырастаган Клинтон ал Кытай жана Орусия сындуу өлкөлөр менен мамиле түзүүдө Кошмо Штаттардын кызыкчылыгын коргой албасын баса көрсөттү:

- Москва менен Бээжин биздин бүткүл дүйнө боюнча байланыштарыбызга терең көз артып турат. Себеби, алардын каршы коё турган эч нерсеси жок. Эгер биз ушул күчтүн кубатын коркунучка кептей турган президентти шайласак, алар кубанычта гана болушат. Эгер Дональд Трамп көздөгөнүнө жетсе, Кремлде майрам болот. Биз буга жол бере албайбыз. Орусия НАТОнун босогосундагы Украинада агрессивдүү аскерий аракет көрдү.

Хиллари Клинтон бул сөздөрдү айтууда болочок атаандашы Трамптын тышкы саясат боюнча буга чейинки айрым билдирүүлөрүн эске алды окшойт.

Трамп эгер президенттикке келсе, АКШнын дүйнөдөгү ролун кайра карай турганын, кокус НАТОнун башка мүчөлөрү аскерий чыгымдарын көбөйтпөсө, Вашингтон да кыскартып, өнөктөш өлкөлөрдү өзүн-өзү коргоого түртөрүн айткан эле.

Трамп Клинтондун сындарына Калифорниянын Сан-Хосе шаарында жүргөн жеринен жооп берип, буларга токтолду:

- Мен бүгүн Хилларини угуп отурдум. Абдан, абдан аянычтуу болду. Карап туруунун өзү көңүл чөктүрөт. Ал тышкы саясат тууралуу сүйлөшү керек эле. Бирок эч кандай тышкы саясат эмес, саясий сөз болду. Менимче, Клинтон уктай албай жаткан адамдарга арнап, сөз сүйлөсө көбүрөөк акча жасамак. Ал көп нерсени калп айтты.

Президенттикке үмүткөрлөрдүн башкы экөө тең азыр үгүт өнөктүгүн Калифорнияда жүргүзүүдө.

АКШнын калкы көп ушул штатында жана түштүктөгү бөлөк төрт штатта баштапкы шайлоо же праймериздер 7-июнда өтөт.

Сан-Хосе шаарында Трампты жактаган жана ага каршы чыккан демонстранттар 2-июнь күнү өз ара кагылыша да кетип, ортого полиция түштү.

Трампка каршы демонстранттар. Сан-Хосе, 2-июнь, 2016-жыл.
Трампка каршы демонстранттар. Сан-Хосе, 2-июнь, 2016-жыл.

Дональд Трамп Республикалык партиянын курултайда талапкерликке бекитилиши үчүн талап кылынган 1237 делегаттын добушун буга чейин эле топтоп жетишти.

Ал эми Хиллари Клинтондо талап кылынган 2389 делегаттын, 2312си бар.

Калганын ал алдыдагы күндөрдөгү праймериздерде чогултууга үмүттөнүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG