Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-6-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-3…+2, күндүз 8…13 градуска чейин көтөрүлөт.
5-июнда Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 29…31 градус жогору болот.