Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Кытай Түштүк-Кытай деңизине ээлигин кайрадан билдирди


Кытай Түштүк-Кытай деңизине абадан коргонуу системасын орнотуп жатканы айтылып келет
Кытай Түштүк-Кытай деңизине абадан коргонуу системасын орнотуп жатканы айтылып келет

Вашингтон Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдарды Кытайдын аскердик базаларга айлантуу аракети Бээжиндин изоляцияланышына алып келет деп эскертти. Ал эми 5-июндагы Сингапурдагы коопсуздук конференциясында Кытай адмиралы Цзянго “биз жаңжал салбайбыз, бирок жаңжалдан коркпойбуз” деди. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 4-июнда Монголияга сапары учурунда Кытайдын Түштүк-Кытай деңизинде абадан коргонуу системасын орнотуусу “чагым салуу жана туруксуздукка жол ача турган” кадам болорун билдирген. Кытай ал жерде абадан коргонуу системасын курууну 2013-жылы баштаган.

Ошол мезгилде эле АКШнын коргоо министри Эштон Картер АКШ Азия регионунда коопсуздуктун кепили катары кала берерин маалымдаган. Кытайдын аракетине Жапония, Индия, Вьетнам, Тайван жана Түштүк Корея тынчсыздануусун билдирген. Ал эми аралдардын бир бөлүгүнө Бруней, Малайзия, Филиппин, Тайвань жана Вьетнам ээлигин билдирип келет. Ал жер аркылуу жыл сайын триллиондогон долларга жеткен соода агымы жүрөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG