Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Кыргызстан-Орусия: убадага бай алака


Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведев. Бишкек.
Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведев. Бишкек.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 6-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Ушул эле күнү Бишкекте өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Президент Алмазбек Атамбаев Медведевди кабыл алып “Данакер” ордени менен сыйлады.

Кыргыз-орус өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин Орусиядан Кыргызстанга мунай жана мунай продуктыларын ташып келүү, Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу боюнча кызматташуу келишимдеринин, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2016-2017-жылдардагы алака-катышынын программасынын долбоорлоруна кол коюлду. Ошондой эле тараптар интеллектуалдык менчик, мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу чөйрөсүндө кызматташууну макулдашты.

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жолугушуудан кийин журналисттерге эки тараптуу сүйлөшүү жемиштүү болду деп билдирди. Бир катар орчундуу маселелер талкууланганын, аларды чечүү боюнча эки өлкөнүн тиешелүү органдарына тапшырма берилгенин маалымдады:

- Кыргызстанга келаткан товарларды Орусиянын аймагы аркылуу алып өтүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча атайын кызматтарга тапшырма берилди. Компетенттүү органдар биздин эмгек мигранттардын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдайт. Бүгүнкү кол коюлган келишимдер ийгиликтүү ишке ашат деп ишенебиз. Кыргызстандын тышкы саясатында Орусия менен мамиле приоритеттүү. Мамилебизди чыңдаганга жана андан ары өнүктүргөнгө болгон аракетибизди кылабыз. Кыргыз тарап айыл чарба продукцияларын экспорттоо, туризмге түз инвестиция тартуу жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары дагы активдештиргенге даяр.

Келишимдерге кол коюу учуру
Келишимдерге кол коюу учуру

Дмитрий Медведев өз кезегинде эки тараптуу сүйлөшүү конструктивдүү маанайда өткөнүн белгиледи. Ыкчам көңүл бурууну талап кылган маселелер аз экенин, бирок соңку экономикалык абалдан улам айрым бир жагдайларды ачык талкуулап чечип алуу керектигин айтты:

- Орусия Кыргызстандын эң алдыңкы экономикалык өнөктөшү. Товар айлантуу ар дайым жогору болуп келген. Бирок базардагы ар кандай агымдардан улам анын көлөмү соңку кездери азайып баратат. Бүгүнкү күндөгү милдети - анын көлөмүн жогорулатуу. Бирок жакшы жагдай дагы бар. Мисалы, быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан барган айыл чарба өнүмдөрү эки эсе көбөйдү. Мунун себеби эми белгилүү. Санкциялардан улам биздин өнөктөштөргө кошумча мүмкүнчүлүк ачылды. Бул жакшы агым. Биз аны колдойбуз. Бул жаатта кооперация түзүү боюнча макулдаштык.

Саммит: кызматташтык күн тартибинде
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Медведев Кыргыз-орус фонду, Кыргызстанды жүз пайыз газ менен камсыз кылган орусиялык “Газпром” ишканасы жана анын негизинде келчү инвестицияга кеңири токтолду:

- Бул жерде өтө чоң пландар бар. 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ жеткирүү жана бөлүштүрүү системасына 100 миллиард рубль инвестиция салуу пландалып жатат. Анын үчтөн бир бөлүгү жакынкы эки жылдын ичинде келет. Бул албетте өз кезегинде өлкөнү газ менен камсыз кылууну жакшыртат.

Бирок айрым серепчилер байма-бай берилген убадалар сөз жүзүндө калат деген ишенимде. Алардын бири - экономист жана серепчи Эмил Үмөталиев:

- КМШга кирген мамлекеттердин ымаласы, өлкөлөрдүн өзүндөгү экономикалык абал оорлоп баратат. Жакын арада оңолору да арсар. Бул уюмдун максаттары башынан эле дурус эмес болчу. Алгачкы жылдардан эле бир жеңден кол чыгарган бирдиктүү аракеттер байкалган эмес. Бул абал жылдан-жылга начарлап, экономикалык тосмолор көбөйүүдө. Соода согуштары күч алып жатат.

"Данакер" орденин тапшыруу учуру
"Данакер" орденин тапшыруу учуру

Ушул эле күнү Дмитрий Медведевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Эки өлкөнүн алака-катышын өнүктүрүүгө жана ар тараптуу карым-катнашты чыӊдоого чоң салымы үчүн аны “Данакер” ордени менен сыйлады. Медведев 7-июнда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин саммитине катышмакчы.

XS
SM
MD
LG